Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-июлу № 19
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ укук-тартиби мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу” боюнча Суу-Башы айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин бар экендиги эске алынсын. 2. Аткрылган иштер менен катар тѳмѳнкүдѳй милдеттер аткарууга алынсын: - Бѳлмѳлѳргѳ байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү, - Коррупцияга жол жок деген темада маалымат тактасына материалдарды жарыялап туруу, - Ижарага берилген жерлердин ижара акы жана налогдун тѳлѳм ченемдери боюнча маалыматтарды чыгаруу - Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу, - Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын катышуусун активдештирүү, - Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын маалымат базасын түзүү жумуштарын жандандыруу.
| I сессиясы | ||
|
|