Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-июлу № 20
Турак-жай маселеси жѳнүндѳ
Суу-Башы айыл аймагынын турак-жайга муктаж жарандарына турак-жай берүү боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Суу-Башы айыл аймагынын турак-жайга муктаж жарандарынан 131 арыз түшүп каттоого алынгандыгы белгиленсин. 2. 2017-жылдын 28-мартындагы айылдык кеүештин кенешмесинин протоколдук тапшырмасы боюнча Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Маркаевге эскертүү берилгендигине карабастан Суу-Башы айыл аймагынын жарандарына турак-жай берүү маселеси боюнча тиешелүү бардык документтерди даярдап тапшырууну кечиктиргендиги үчүн катуу чара кѳрүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Козуевге сунушталсын. 3. Суу-Башы айыл аймагынын жарандарына турак-жай берүү маселесин иликтоо үчүн комисиянын курамын түзүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн буйругун чыгаруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысына сунушталсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеүештин тѳрагасынын орун басарына тапшырылсын.
| I сессиясы | ||
|
|