Редакцияот 11.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясы

 

2017-жылдын 11-июлу № 23                                                                             

 

Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Айгүлташ участкасындагы жер аянтын которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ

     

    Кыргыз Республикасынын жер кодексинин талаптарына ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы элдердин турак-жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында Суу-Башы айылдык  Кеӊештин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Айгүлташ участкасындагы (мурдагы Первомайский совхозунун) 54.6 га кайрак айдоо жана 42.6 га кысыр аӊыз, жалпы 97.2 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

    2. Ушул токтомдун негизинде тийиштуу документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Козуевге милдеттендирилсин.

    3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеӊештин туруктуу жер комитетине тапшырылсын.

 

   Тɵрага

 

Р. Артыкбаев

   

I сессиясы