Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14- майы №12
Жекенди айылдык Кеӊешинин депутаттарынын тѳртүнчү чакырылышынынын кезектеги алтынчы сессиясынын 20-июль 2010-жылдагы № 6-2 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүнүдѳ
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык Кеӊешинин депутаттарынын тѳртүнчү чакырылышынынын кезектеги алтынчы сессиясынын 20-июль 2010-жылдагы № 6-2 токтомунун 2-3 пункуттарына ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.
2011-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү:
- Ири мүйүздүү малдын бир башы үчүн – 60 сом
- Кой-эчкилерге бир баш үчүн – 12 сом
- Жылкы жана тѳѳлѳргѳ бир баш үчүн- 72 сом
- эшектерге бир баш үчүн -36 сом
2. Жекенди айылдык округунун жайыт комитетинин тѳрагасына Кара-Мык айылынын тургуну Идирисов Акунбек бекитилсин.
3.Жайыт комитетинин тѳрагасы жана бухгалтери үчүн айлык маяна тѳмѳнкүдѳй ѳлчѳмдѳ белгиленсин:
- тѳрага үчүн айлык маяна 5000 сом
- бухгалтер үчүн айлык маяна 3600 сом
4. Жекенди айылдык округунун жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жайыт акысын жыйноо жана келип түшкѳн каражаттарды жергиликтүү бюджеттке багыттоо милдети жүктѳлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Жекенди айылдык округунун башчысы Ш.М.Анапияевге тапшырылсын.
Жекенди айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Калилов |