Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-майы №13
Жекенди айылдык округунун 2011-жылдын II кварталына бюджетинин аткарылышынын алымча – кошумчалары жѳнүндѳ
Жекенди айылдык округунун 2011-жылдын бюджетине бекитилген атайын эсептин кирешесинин долбоору 84,0 мин сом болгон. Биринчи кварталга аткарылганы 55,6 мин сом болгон. Анын ичинде мектептердин кѳмѳкчү чарбасы 15,0 мин сом, ата-энелердин взносу 33,1 мин сом, аппатарттан 7,5 мин сом.
Ошондуктан пландагы 84,0 мин сомго кошумча тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү киргизилүү максатында
1. Жекенди айылдык округунун 2011-жылдын бюджетине бекитилген пландагы 84,0 мин сомго кошумча тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү киргизилсин.
- аппаратка - 20,0 миӊ сом
- бала бакчага - 25,0 мин сом
Бардыгы:- 45,0 мин сом
2. Ушул кошумчалар тѳмѳнкүдѳй бѳлүштүрүлсүн.
- аппаратка ар түрдүү чыгымдар үчүн - 5,0 миӊ сом
- билим берүүгѳ ар түрдүү чыгымдар үчүн- 15,0 миӊ сом
- балдар бакчасына тамак аш үчүн- 25,0 миӊ сом
Бардыгы:- 45,0 мин сом.
3. Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳ» мыйзамынын 27-беренесине ылайык айылдык округунун кеӊеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылары (токтомдору) Чон-Алай райондук «Чон-Алай жаӊырыгы» газетасына жарыяланууга кызмат акы үчүн Жекенди айылдык округунун бюджетинен 7000 (жети мин) сом бѳлүнүп берилсин.
4. Ушул алымча - кошумчаларды бекитип берүү жагы Чон-Алай райондук финансы бѳлүмүнѳн суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жекенди айылдык Кеӊешинин ѳнѳр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана бюжет боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Жакыповго жана ФЭБ башчысы Н.Маматовго жана айылдык округунун башчысынын орун басары Н. Акматовго жүктѳлсүн.
Жекенди айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Калилов |