Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31- марты №18/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айыл округунун 2010-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2011-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планды бекитүү, 2011-2013-жылдарга өнүгүүсүнүн пландары жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 18-заседаниеси Гүлчө айылдык округунун башчысы С.Б.Абдиевдин 2010-жылда Гүлчө айылдык округунун социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери жана 2011-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү планын аткаруудагы милдеттери, 2011-2013-жылдарга өнүгүүсүнүн пландары жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык округунун 2010-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айылдык округунун башчысы С.Б.Абдиевдин отчету эске алынсын.
2. Гүлчө айыл округунун 2011-жылга карата түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн планы бекитилсин.
3. Гүлчө айылдык округунун 2010-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципиалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмотүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Гүлчө айыл округунун 2011-2013-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн пландары эске алынсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Акманов |