Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты №18/5
Өткөн 2010-жылда Гүлчө айыл өкмөтү айыл чарба малдарынан жана үй айбанаттарынан жугуучу бруцеллез, кутурма, учук ооруларынан сактануу боюнча эпидемиялык, эпизотиялык иш чараларды жүргүзгөндүгүнө карабастан калк арасында бруцеллез оорусу менен ооруп калуу абалы орун алып өзгөчө үй-бүлөөлүк 3 очок пайда болгон 2 кожолуктун кароосунда малы жок бирок , үй-бүлөө мүчөлөрү ооруп каталган үй-бүлөөгө мүчөлөрү аймактык ооруканадан толук дарылануудан өткөрүлгөн.
Айыл округдун аймагындагы айылдарда түзүлгөн көп секторлуу координациялык комитеттердин мүчөлөрү, ФАП кызматкерлеринин калк арасында малдан жугуучу оорулардын алдын алуу сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген бирок натыйжасы таасирдүү болбогондуктан 2011-жылдын эки айында эле бруцеллез менен ооруп 5 адам катталган.
Айыл округда ветеринардык кызматкерлер жетишсиз. Жаңыдан кошулган ветсервистер өз иштерин толук кандуу жүргүзө албай жатышат. Гүлчө айылында мал союп, касапчылык кылган менен иш алып барууда айыл башчылардын мал союучу аянтча куруу боюнча тиешелүү уюштуруучулук иштер жүргүзүлбөгөн жана көзөмөлгө алынган эмес.
Айыл округдагы фермерлер өздүк гигиенасын сактоо үчүн, халат, фартук, резина кол кап, зыянсыздандыруу каражаттарды жетиштүү түрдө сатып алышпаган.
Айыл округда адамдардын арасында учук оорусунун катталышына айрыкча үй-бүлөлүк оорулардын жылдан жылга көбөйүшүнө жетишээрлик көңүл бөлүнбөгөн жана аларды камкордука алуу калып кеткен. Алардын арасында каза болгондордун да көбөйгөндүгүнбелгилеп жашоо шарты начар үй-бүлөөлөргө моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар активдештирилбеген. Айыл башчылары өздөрү жетектеген айыл кыштактарда бруцеллез, учук оорулар менен ооругандарга жардамдар берилбей калып кеткен.
Ден-соолук комиттетердин иштери талапка жооп бербейт. Айыл округтун соц.кызматкерлери тарабынан учук оорусу менен ооруган адамдардын 2010-жылдагы тизмеси такталбаган. Очокту тазалоо максатында бир дагы учук оорусу менен ооруган адам санаторно-курортук дарыланууга жөнөтүлбөгөн. Жогорудагылардын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл округунда айыл-чарба малдарынын, үй-айбанатарынын жана адамдардын арасында катталуучу бруцеллез, кутурма жана учук оорусун алдын алуу боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлгөндөгүнө карабастан, оорчундуу кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Айыл округда айыл-чарба малдарын, үй-айбанаттарын ветеринардык жактан тейлөөдө ветеринардык кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу ветеринардык сервистерди уюштурууга көмөк көрсөтүү жана учук оорусу менен ооруган адамдардын үй-бүлөөсүнө морадык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү, өтүшүп кеткен ооруларды санаториялык-курортук дарыланууга жөнөтүп туруу да жол кирээ акылары үчүн акча каражатарын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдиевге тапшырылсын.
3. Айыл округдун айылдарында байлоосуз жүргөн дейди иттерди мышыктарды аттыруу жана атылган иттердин өлүгүн көмүү үчүн Беккера чуңкурун даярдоо үчүн 30,0 миң сом акча каражаттын бөлүнүп берилсин.
4. Бруцеллез оорусу менен ооруган адамдардын карамагындагы айыл чарба малдарынын кан алып серологиялык жол менен бруцеллезго текшерүү ветеринардык эрежеге ылайык жүргүзүү, бруцеллез оорусу аныкталган учурда зыянсыздандыруу иштерин аткарууну уюштуруу, айыл-кыштактагы кожолукта кармаган иттердин санын тактоо аларды кутурмага каршы эмдетирүү паспортоштурууну жүргүзүү айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна тапшырылсын.
5. Ветеринардык кызматкерлер менен бирдикте фермерлердин тизмесин тактоо, фермерлердин бруцеллез оорусун алдын алууда, өздүк санитардык кийимдерди (фартук, халат, резина кол кап, резина өтүк, чачык ж.б.) жана зыянсыздандыруу каражаттарды сатып алуусун уюштуруу.
- касапчылык менен алектенген адамдардын тизмесин тактоо жана ал адамдардын мал союу үчүн атайын аянтчаларды куруусуна жетишүү жана аны көзөмөлдүкө алуу айыл башчылар М.Тоймаматов, К.Маматов, Т.Койчубеков, С.Каришов, Ж.Жороевдерге милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүн социалдык жактан тейлөө бөлүмү тарабынан
- айыл округтагы учук оорусу менен ооруган адамдардын тизмесин тактоо, ал оорулардын үй-бүлөсүнүн жашоо шарты менен таанышуу, аларга материалдык жана моралдык жактан жардам берүүнү уюштуруу үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору жана ФАП менен биргелешип иштерди уюштурсун.
7. Айылдык кеңештин депутаттары өздөрү шайланган алкак боюнча түзүлгөн ден–соолук комитеттери жана айыл башчылар менен биргеликте
- округга бруцеллез, учук ооруларынын кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча айыл кыштактардагы санитардык агартуу иштерин күчөтүү айыл округдун жыйынында кароону уюштурушсун.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Акманов |