Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты №18/7
Гүлчө айыл округундагы жайыт комитетинин «Гүлчө айыл округуна жайыттарды пайдаланууда малдын башына акы белгилөө боюнча» 05.04.2010-жылдагы №3 протоколу жөнүндө
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 13-заседаниеси Гүлчө айыл округундагы жайыт комитетинин «Гүлчө айыл округуна жайыттарды пайдаланууда малдын башына акы белгилөө боюнча» 05.04.2010-жылдагы №3 протоколу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыт жөнүндөгү» мыйзамынын жана ушул мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №386 19-июнь 2009-жылдагы «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө» типтүү жобого негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыт жөнүндөгү» мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №386 19-июнь 2009-жылдагы токтомунун жайыт пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндөгү жобосунун талаптарына ылайык Гүлчө айыл округуна караштуу жазгы жана күзгү жайыттарын пайдалангандыгы үчүн К.Р.Өкмөтүнүн №386 19-июнь 2009-жылдагы «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө» типтүү жобонун негизинде жайыт комитетинин протоколунда көрсөтүлгөн малдын башына белгиленген төлөм тарифтери бекитилсин (№1тиркемеде тиркелет)
2. Гүлчө айыл округуна караштуу жайыттарды пайдалангандыгы үчүн мал башынан түшкөн акча каражаттарды К.Р Өкмөтүнүн №386 19-июнь 2009-жылдагы «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө» типтүү жобого ылайык иш алып баруусу жайыт комитеттинин төрагасы М.Кадырбаевке милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Акманов Т. |