Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31- марты №18/8
Алай райондук кеңешинин 14.03.2011-жылдагы «2011-жылы айыл округдарга «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүүнү жана кеч көчүп келүүсүнө графикти бекитүү, графикте көрсөтүлгөн мөөнөттөн жайлоого кеч көчүп, эрте көчүп келген жайыт пайдалануучуларга административдик чара көрүү жана сырттан келген малдарга ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүү ошондой эле жаздык, күздүк жайыттарды роцианалдуу пайдалануу боюнча» №59катын турмушка ашыруу жөнүндө
Гүлчө айыл округунун аймагында Алай райондук кеңешинин элди жайлоого эрте көчүрүү жана жайлоодон кеч көчүп келүүсүн, сырттан келген малдарга ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү ошондой эле жаздык күздүк жайыттарды роцианалдуу пайдалануу боюнча №59 катын аткарууну камсыздоо Гүлчө айыл округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл округунун аймагында 2011-жылда элди жайлоого 25-апрелден кечиктирбестен жайлоого көчүрүүнү жана 15-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келүүсүн Гүлчө айыл округундагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Кадырбаевге жана Таш-Короо, Жылы-Суу, Кар-Булак, Чакмак, Куманжан-Датка жана Гүлчө айылдарынын айыл башчылары М. Тоймаматов, К.Маматов, Т. Койчубеков, С.Каришов, жана Р.Кахаровдордун жеке жоопкерчиликтерине жүктөлсүн.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору жана ветстанция тарабынан маалыматы жок сырттан келген малдардын ээсине жана графикте көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч көчүп, эрте көқчүп келген жайыт пайдалануучуларга админитративдик чара көрүлсүн.
3. Гүлчө айыл округунун аймагындагы алыскы жайыттарды жана күзгү, жазгы жайыттарды элге туура бөлүштүрүү жана сарамжалдуу пайдаланууну бөлүштүрүүнү жана жеткирүүнү уюштуруу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Кадырбаевге милдеттендирилсин.
4. Гүлчө айыл округундагы малдарды ар кандай жугуштуу ыландарга каршы алдын ала эмдөө жүргүзүп жана сырттан келген малдардын эмделишин көзөмөлгө алуу Ө.Мурзаевдин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл округунун башчысы С.Абдиевге тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Акманов |