Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-марты №18/10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2004-жылдагы №57токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштартардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 18 заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштартардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын төрайымы С.Турганбаеванын билдирүүсүн угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Рнын Өкмөтүнүн 05.02.2004-жылдагы №57токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштартардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамындагы А.Кадыров Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча курулуштарды көзөмөлдөө башкармалына которулгандыгына байланыштуу. А.Кадыров комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2. К.Рнын Өкмөтүнүн 05.02.2004-жылдагы №57токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштартардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамына Гүлчө айыл округунун айылдык кеңешинин депутаты жол. М Исмаилов киргизилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Акманов |