Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели XІX-3
Ноокат шаарынын Ош, Кызыл-кыя жана Мирмахмудов кѳчѳлѳрүнѳ бир тараптуу автоунаалар туруучу жай уюштуруу жѳнүндѳ
Ноокат районунун айыл ѳкмѳттѳрүнѳн шаардагы базарга келген айдоочулар шаарда автоунаалар коюучу жайдын жоктугуна дайыма нараазы болуп келишүүдѳ. Айдоочулар тараптан кѳптѳгѳн оозеки кайрылуулар болуп жаткандыгын эске алып депутаттардын Ноокат шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Ош, Кызыл –кыя жана Мирмахмудов кѳчѳлѳрүнѳ бир тараптуу атайын автоунаалар туруучу жай уюштурулсун.
2. Автоунаалар туруучу жайда ар бир автоунаа турууга ылайыктуу линия жүргүзүү, тазалоо, уюштуруу иштерин камсыз кылуу жагы (квитанция, патент) келишим түзүү Ноокат шаар башкаруусунун ФЭБнүн башчысы М.Нарматовго, Ноокат шаар башкаруусунун башчысынын орун басары М.Турабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеӊештин ѳнѳр –жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ноокат шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
Н.Махбузов
|