Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № XVI-1
Ноокат шаардык кеңешинин ыйгарым укуктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Ош облустук комиссиясынын 2011-жылдын 18-январындагы №3-токтому нун негизинде Ноокат шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык Кеңешинин депутаты Мукимов Казымжан өз арызынын негизинде жана Кадыралиев Абдилвахап муниципалдык кызматкер болгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулсун.
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына болгон 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоодо Ноокат шаардык кеңешинин №3 алты мандаттуу Крупская шайлоо участкасынан көп добуш алган Бердибекова Б.А. жана №4 алты мандаттуу Кара-Турпак шайлоо участкасынан көп добуш алган Абидов С.Р. Ноокат шаардып Кеңешинин депутаттары болуп катталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө аламын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Б. Калдарова |