Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-апрели №XIX-1
Гулистан айылдык округунун Кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округунун Кеңешинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык округунун Кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округунун Кеңешгинин бюджнтин бекитүү жөнүндөгү маселеси Кыргыз Республикасынын 2010-жылга Республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөгү, 2009-жылдын 24-декабрындагы мыйзамыныны негизинде Гулистан айылдык округунун Кеңешинин 2011-жыл үчүн иштеп чыгылган бюджетин долбоорун айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинде тийиштүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Гулистан айылдык округунун айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелерди жана чыгашалары боюнча 14003,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. 2011-жылга гулистан айылдык округунун Кеңешинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Гулистан айылдык округунун Кеңешинин бюджетинини чыгашалары боюнча багыттары №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Гулистан айылдык округунун Кеңешинин бюджетинини чыгаша бөлүгүн 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (Эмгек акы, соц.фондо чегерүү тамак ашка жана социалдык жеңилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
5. Гулистан айылдык округунун Кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 17923 миң сомго, чыгаша бөлүгү 17925,4 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Айылдык Кеңешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттардын өлчөмдөрү 2011-жылга билим берүү тармагында каржылоо жумшалсын.
7. Ушул токтомдун аткарарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшарырылсын.
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
М.Абдурахимов |