Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 26-апрелиндеги № XIX-3
Гулистан айылдык округунун 2009-2011экономикалык өнүгүсүүнүн стратегиялык планындагы 2010-жылда пландаштырылган иштердин аткарылышы 2011-2013 жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитуу жөнүндө
Гулистан айылдык округунун 2009-2011-жылдарга социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн программасында 15 долбоор колдоого алынып, 2010-жылда 12 долбоор боюнча иш жүргүзүлүп, аткарылган иштердин көлөмү 4 млн 648 миң сомду түзгөн. АРИС тарабынан инвестиция 2 млн сом инвестиция, айылдык округу тарабынан 360 миң сом, калганы жамааттар тарабынан каржыланды. Бул долбоорлор спорт комплекси, 50 орундуу балдар бакчасынын курулушу. Тутзар участкасына электролиния тартуу, Чили-Сай мектебинде спорттук аянтча куруу, ички жолдорго 5 км арасында шагал төшөө, калыбына келтирүү, таштак участкасыны сугат суу менен камсыздоо долборлоруда иш жүргүзүлдү. Айылдык округунун 2011-жылдын социалдык экономикалык өнүгүү программасында 2 чоң социалдык обьекттер спорт комплекси, элүү орундуу балдар бакчасыны пайдаланууга тапшыруу,бүткүл дүйнөлүк улуттар уюмунун калкты социалдык жактан коргоо уюму аркылуу, Беш коргон участкасында ФАП имаратын жана Бостон айылына көпүрө куруу, билим берүү тармагында материалдык техникалык базасын-чыңдоо, ар бир мектеп 1 долбоорду турмушка ашыруу каралган. Айылдык округу 2011-жылда USAID –жергиликтүү өнүгүү программасынын конкурстук тандоосуна катышып, USAID – уюму жергиликтүү өнүгүү программасы менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Айылдык Кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү адистердин жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен айылдык округунун 2009-2010-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасынын негизинде 2010-жылда аткарылган иштер жана 2011-2013-жылдарга айылдык округунун социалдык экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун карап чыгып, туруктуу комиссиясы тарабынан тийиштүү түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2009-2011-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасындагы 2010-жылда аткарылган иштер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Гулистан айылдык округунун 2011-2013 жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы түзүлгөн долбоорлорго ылайык бекитилсин. (долбоорлор тиркелт №2 тиркеме)
3. Айылдык округуна: эки чоң социалдык маанидеги обьектери (спорттук комплекс, элүү орундуу балдар бакчасы) 2011-жылдын 1-сентябрына чейин пайдаланууга тапшыруу жүктөлсүн.
Чет элдик донордук уюмдар (USAID, АРИС, МКМ, ПРООН) менен билим берүү тармагын материалдык техникалык базасын чыңдоо жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү багытына иш жүргүзсүн.
4. Айылдык округунун 2011-2013-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүсүндө тармактар боюнча индикативдик негизги көрсөткүчтөр бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы депутаттардын Гулистан айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
М.Абдурахимов |