Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 26-апрели № XIX-5
Чили-Сай толук эмес орто мектебине жалпы орто мектеп статусун берүү жөнүндө
Чили Сай толук эмес орто мектебинде 2011-жылдын 1-январына 350 окучу окуйт.
2009-2010-окуу жылында мектепти 38 окуучу бүтүргөн. Бүтүрүүчүлөр эч кандай окуу жайында окубайт. Себеби жакындагы орто мектептер 4-5 километрде жайгашкан. Ошондуктан Чили Сай толук эмес орто мектебине жалпы билим берүүчү мектеп статусун берүү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамыныны талаптарын аткаруу максатында, айылдык округунун аймагында сапаттуу кадрларды даярдоо тийиштүү база түзүү үчүн Чили-Сай толук эмес орто мектебине Чили Сай жалпы орто билим берүүчү мектеп статусу берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Нооат райондук Кеңешинен суралсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Абдураимов |