Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 2
Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсү үчүн жол жана тамак-аш чыгымдарын каржылап берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсү үчүн жол жана тамак-аш чыгымдарын каржылап берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсүнө жол жана тамак-аш чыгымдары үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |