Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 3
Бишкек шаарында өткөн республикалык спартакиадасына Ноокат шаарынан барып, катышып келген спортчулары жана машыктыруучулары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Бишкек шаарында өткөн республикалык спартакиадасына Ноокат шаарынан барып, катышып келген спортчулары жана машыктыруучулары үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында өткөн республикалык спартакиадасына Ноокат шаарынан барып, катышып келген спортчулары жана машыктыруучулары үчүн 63 600 (алтымыш үч миң алты жүз) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |