Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
"Ноокат жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын №1 жылытуу отканасынын толугу менен иштоону камсыздоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын №1 жылытуу отканасынын толугу менен иштоону камсыздоо үчүн 873 200 (сегиз жүз жетимиш үч миң эки жүз) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |