Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011- жылдын 26-апрелиндеги №XIX-6
Гулистан айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин кирешеси-тамарка салыгынын жана таштандылар жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Гулистан айылдык округунун Кеңеши Кыргыз Республикасынын 2010-жылга Республикалык бюджети жана 2011-2012 жылдарга болжолу жөнүндөгү, 2009-жылдын 24-декабрындагы мыйзамыныны негизинде айылдык округунун 2010-жылга жергиликтүү бюджетинин депутаттардын туруктуу комиссиясы жана тийиштүү адистер менен көрүп чыгып жана талкуулап айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин кирешеси тамарка салыгынын өлчөмү 0,01 га үчүн 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин кирешеси таштандылар жыйымы тамарка салыгынан жеңилдик берилген үй-бүлөлөргө 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин, ал эми жеңилдик берилбеген үй бүлөлөргө 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
М.Абдураимов |