Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-1
Идентификациялоо жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 5 айылга элдин малын эмдеп кароо боюнча 4 ветеринардык сервистер бар, алар бүгүнкү күнү статтык каттоодон өтүп кызмат кылып жатат. Кыргыз Республикасында малдарды идентификациялоо мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 5- декабрындагы 2016- жылдын 11- апрелиндеги № 187 токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын 2016- жыллдын 18- нояьрындагы № 176 буйругунун негизинде малдарды идентификациялоо жоболоруна таянып жана 2016- жылдын 11-15- июлундагы ЕАЭтин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин шарттарына ылайык Н. Исанов айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке менчик кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча ветеринардык сервисинин врачтарына малдын ээси тарабынан 30,0 сомдон төлөп берүү жана оператор кызмат акысына 2,24 тыйын төлөп берүү үчүн айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл тургундарынын жеке менчик малдарын идентификациялоодон өткөрүү үчүн жеке менчик вет сервисинин, вет врачтарынын ар бир кара малдын башына бирка таккандыгы үчүн 30,0 сомдон малдын ээси тарабынан төлөп берилсин.
Оператор кызматкерлерине малдын ээси тарабынан 2,24 тыйындан төлөп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн ветеринардын инспектору М. Абдыкаимовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |