Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 13-2/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетин бөлүүдө,айлдык Кеңештин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеңештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 4647,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 420000 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 150000 сом Көк-Бел оору канасынын долбоорун даярдоого
- 30000 сом Жол белгилерине
- 120000 сом Чеч-дөбө айылындагы спорт залдын долбооруна
- 25000 сом Чеч-дөбө, Күнгөй-кожоке ҮДТ на мамлекеттик акт алууга
- 20000 сом Жаңы-базар спорт залынын электр энергиясына тех.шарттарарын түзүүгө
- 25000 сом Жаңы-базар спорт залына мамлекеттик акт алууга
- 20000 сом Эркебаев Б. көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоонун кызмат акысы
- 80000 сом Кичик-Алай айылындагы кар көчкүнү тазалоого
- 25000 сом Кичик-Алай айылындагы көпүрөнү оңдоого
- 115700 сом Жаңы-базар айылынын борбордук көчөсүн жарыктандыруу
- 460000 сом Чеч-дөбө айылына спорт зал курууга
- 150000 сом Жаңы-базар айылындагы айлампаны реканструкциялоого
- 25000 сом Жаңы-базар айылынын жаңы конушуна жолго труба коюуга
- 40000 сом Акчабуу айылына кеткен жолду оңдоого
- 100000 сом Кожоке айылынын Эргешов Исманали көчөсүн оңдоого
10000 сом Кожоке айылынын Надиров көчөсүнө шагал төшөө
- 50000 сом Кожеке айылынын Кудайбердиев көчөсүнө труба
- 100000 сом Чеч-дөбө айылындагы булакты тазалоого
- 10000 сом Чеч-дөбө айылынын ички арыгына
- 273000 сом Чеч-дөбө айылына агын суу алып келүүгө
- 40000 сом Күнгөй- кожеке айылына Ысман ата көчөсүнө труба коюуга
- 50000 сом Күнгөй-кожоке айылынын Сайназаров көчөсүнө труба алууга
- 25000 сом Күнгөй- кожеке айылынын Төрөев А көчөсүнө таза суу киргизүүгө
- 40250 сом Жар-Коргон айылынын ички арыгына
- 220000 сом Кожоке айылындагы Раев көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга
- 60000 сом Кожоке айылынын Абдыкайымов көчөсүнө чубалгы
- 95000 сом Кожоке айылынын Мамат бий көчөсүнө мамыча
- 150000 сом Кожеке айылынын Шерматов Көчөсүнө мамыча
- 160000 сом Күнгөй- кожоке айлындагы Молдо тажи мечитинин жанына трансформаторго
- 215000 сом Күнгөй-кожоке айылынын Төш участкасына жаңы конушка трасформатор жана мамыча алууга
- 88800 сом Жар-Коргон айылынын Сарыбаев жана Жапаров көчөсүнө электр чубалгысын тартууга
- 100000 сом Жар-Коргон айылынын жаңы конуштарына электр чубалгыларына
- 160000 сом Жаңы –Базар айылынын жаңы конуштарына электр чубалгыларына
- 88640 сом Жар-Коргон айылындагы ФАПты курулушуна
- 156100 сом Жар-Коргон айылынын спорт аянтчасына өздүк салымга
- 750000 сом Долбоордун негизинде жаңы техника алуунун өздүк салымына.
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |