Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 13
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасынын айыл башчысына чарба китебин өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Миң-Булак участкасы айыл өкмөтүнүн борборунан алыс экендигин жана айыл тургундары тактама алуу үчүн кыйынчылыктарга душар болгондугун эске алып, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылдарынын Миң-Булак участкасынын айыл башчысына чарба китеби өткөрүлүп берилсин .
2. Керектүү болгон иш кагаздарды жана мөөр даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |