Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-декабры № 14
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын тургуну Заитов Өскөнбайга жер тилкесин ижирага берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында,Үч-Дөбө айылынын тургуну Заитов Өскөнбайга тоок фермасын ачууга колдоо көрсөтүү максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылынын тургуну Заитов Өскөнбайга Пашкана участкасынан 0,15га жер тилкесин тоок ферма куруу үчүн ижара клишимине ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарды даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Джолдошов |