Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кант шаардык кеңешинин кезексиз 2- сессиясы
2017-жылдын 22-февралы № 4/2-27
Кант шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Кант шаардык кеңеши тарабынан 25.01.2013-жыл №3/II-27-“Кант шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” бекитилген токтомуна ылайык Кант шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
15-бөлүмүнгө төмөнкү мазмун киргизилсин:
15-бөлүм. Кант шаардык кеңешинин президиуму
15.1 Кант шаардык кеңешинин Президиуму (мындан ары-президиум) шаардык кеңештин иш планын бекитүү жана тизүү, аны менен катар шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн түзүлөт.
15.2 Президиумдун курамын шаардык кеңештин сессиясы учурдагы чакырылыштын ыйгарымдуу мөөнөтүнө карап бекитет.
15.3 Президиум өз ыйгарымдуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунуна жана учурдагы Регламентке ылайыктап ишке ашырат.
15.4 Президиумдун курамына шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, фракция лидерлери жана туруктуу комиссиясынын төрагалары кирет.
15.5 Президиумду шаардык кеңеш башкарат.
15.6 Президиум:
шаардык кеңештин иш планын;
шаардык кеңештин сессиясынын, кароосуна алып чыга турган кызмат адамынын маселеге даярдыгытууралуу маалыматын жана отчетун угат;
шаардык кеңештин ыйгарымдуулугу ишке ашыруу боюнча шаардык кеңештин кийинки сессиясында бекитүү үчүн иш чараны пландайт;
шаардык кеңешинин кезектеги жана кезексиз сессияларынын чакырылышы жөнүндө, аны менен катар депутаттык угууларды өткөрүу боюнча сунуш киргизет;
шаардык кеңештин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди уюштурат жана координациялайт;
шаардык кеңештин ишмердүүлүгүндөгү кечиктирилгис маселелерди карайт;
шаардык кеңештин депутаттарынын иш сапары боюнча сунуштарын алдын ала карайт.
15.7 Президиум зарылчылыктын чеги менен, бирок үч айдан кем эмес убакытта бир жолу жана укуктук түрдө президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы саны теңинен ашык болгон учурда чакырылат.
15.8 Президиумду шаардык кеңештин төрагасы, ал жок учурда төраганын орун басары чакырат жана алып барат.
15.9 Белгилүү себептер менен фракция лидерлери, туруктуу комиссиянын төрагалары келбей калса алардын орун басарларынын катышууга укугу бар.
15.10 Президиумдун жыйналышына шаардык кеңештин каалаган депутаты катышууга укуктуу.
15.11 Шаардык кеңештин төрагасынын чакыруусу менен президиумдун жыйналышына мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.
15.12 Президиумдун кароосуна алып чыккан маселелер менен президиумдун мүчөлөрүнө жана жыйналыштын катышуучуларына алдын ала кабарланат. Ал боюнча кажеттүү материалдар жеткирилет.
15.13 Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин депутаттарына президиумда кабыл алынган токтомдук чечимдер жөнүндө маалымат берет.
15.14 Президиумдун жыйналышы токтомдо катталат.
15.15 Президиумда кабыл алынган чечим кеңештин сессиясында жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |