Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели №XIX/2
Кара-Таш айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык кеңештин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга Республикалык бюджети» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыккан долбоору Кара-Таш айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясы менен бирдикте Кеңештин бюджети боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Кара-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Таш айылдык Кеңешинин 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Кара-Таш айылдык округунун жүргүзгөн финансылык чарбалык иш-аракеттери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2.2010-жылга Кара-Таш айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелери 10652,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 10652,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3.2011-жылга Кара-Таш айылдык округунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 10652,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
4.2011-жылга айылдык округдун бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар;
-№1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык округдун бюджетинин чыгаша бөлүгү 2010-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен биринчи негизги статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө) каржылануусу белгиленсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык округунун айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин төрайымы |
Н.Тажибаева |