Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-февралы № 10
Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн төмөндөгү курамында эксперттик комиссия түзүлсүн:
Мусралиева Зульфия – а/к төрагасынын орун басары,
ЭК төрайымы; Джумабаева Б.Р. – жооптуу катчы,
ЭКтөрайымынын орун басары; Болотова А.К. – а/ө архивариусу, ЭК катчысы;
Алагушева В. – а/к депутаты, соц.маселелер б/ча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Шарипова Б.А. – башкы адис-юрист
2. ЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде иш алып барылсын.
3. Айылдык кеңештин ЭКнын 2017-жылга карата иш планы бекитилсин жана ЭКнын функционалдык милдеттери бөлүштүрүлсүн.
Төрага | Э.А.Темиров |