Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 9
Каракол жылуулук камсыздоо ишканасынын 2017-жылдын 11-январындагы №01-10/27 номерлуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып, Каракол жылуулук камсыздоо ишканасынын2017-жылдын 11-январындагы №01-10/27 номерлуукайрылуусун карап, талкуулап, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылынын Шапак Баатыр (Гагарина) көчөсүндө жайгашкан жылуулук берүү жайды (котельная) жана административдик имаратты жер тилкеси менен бекитип жана менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилбесин.
2. Айыл өкмөтү милдеттендирилсин: Теплоключенка айылында Шапак Баатыр (Гагарина) көчөсүндө жайгашкан жылуулук берүү жай (котельная) жана административдик имарат жер тилкеси менен изилдеп чыгып, тактоо иштери жүргүзүлсүн. Тиешелүү иш кагаздар даяр болгондо, кезектеги сессиянын кароосуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Р.К.Садыровага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |