Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 8
Муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды кыйуу шарттарын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бак-дарактардын ишке жарактуу бөлүгү бир куб.м. 2500 (эки миң беш жүз) сомдон сатылсын.
2. Кыйууга кетчүү чыгымдар, уруксат кагаздары сатып алуучунун эсебинен кетсин.Отундун бир кубу 500 (беш жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |