Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 1
Кызыл-Туу айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына жаңы талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Сузак райондук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 07.07.2016-жыл №7 кайрылуусунун негизинде, айыл өкмөттун аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына айылдардагы жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Джумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы жалпы 14 (Он төрт) участкалык шайлоо комиссияларына айылдардагы жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлерди Сузак райондук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына сунуштоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Джумаевге жүктөлсүн.
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |