Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунушталган айылдык кенештин депутаттарынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Апысов Айдарали- Жаны-Ачы айылынын тургуну
Сартбаев Калдарбек- Акчалуу айылынын тургуну
Аккозова Улпат- Мундуз айылынын тургуну
Пиримкулов Махамат- Жаны-Ачы айылынын тургуну
Сооронкулова Шааркан- Мундуз айылынын тургуну
Төрайым | Т. Наримбетова |