Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 4
Катуу калдыктарды жана таштандыларды таштоочу жайды куруу долбооруна катышуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин негиздеп, Европалык өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Жалал-Абад шаардык коммуналдык ишканасында катуу калдыктарды жана таштандыларды таштоочу жай курула турганы жөнүндө айыл өкмөттүн соцадиси А.Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык коммуналдык ишканасынын Европалык өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен курулуп жаткан катуу калдыктарды жана таштандыларды таштоочу жайды куруу жана ташып кетүү долбооруна катышууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык коммуналдык ишканасы менен келишимдерди түзүп, таштандыларды чыгаруу, келишимде көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө жөнүндө айылдарды уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы долбоорго кирген айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |