Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели №XIX/4
Кара-Таш айылдык округунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кара-Таш айылдык округунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык божомолу айылдык, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана айыл башчыларынын катышуусу менен айыл округунун атайын комиссиясында, алдын ала такталгандыгы жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо заседаниесинде каралып, алымча кошумчалар менен такталгандыгын эске алып депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Таш айылдык округунун 2011-2013-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына түзүлгөн долбоорлорго ылайык бекитилсин.
2.Айылдык округу; чет элдик донордук уюмдар менен социалдык инфраструктуралардын, материалдык техникалык базасын чыңдоо, жергиликтүү экономиканы өнүктүүрүү багытында иш жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин төрайымы |
Н.Тажибаева |