КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 6
Сузак районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентин негиздеп, жергиликтүү жамааттардан келип түшкөн сунуштарды угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандар Сузак районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
Эшенов Алимбек Алишович- Ак-Баш айылынын тургуну
Айтбаев Бакытбек Абдумомунович- Жашасын-2 айылынын тургуну
2. Сунушту колдоп берүү жагы Сузак райондук кошмо жыйынынан суралсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |