КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 7
Каракулова Чынар Аскаровнаны Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө” мыйзамын жана айылдык кеңештин регламентин негиздеп, Кочкор Эрматов атындагы лицей жатак мектебинин педагогикалык жамаатынын Каракулова Чынар Аскаровнаны Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына көрсөтүү жөнүндө протоколун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор Эрматов атындагы лицей жатак мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Каракулова Чынар Аскаровна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына сунушталсын.
2. Сунушту колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |