КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 24- сессиясы
2016-жылдын 22-июлу № 8
Таштак-Кызыл-Сенир айылдарынын аралыгындагы ички жол жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана элдин кайрылуусун негиздеп, Таштак-Кызыл-Сенир айылдарынын аралыгында ички жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансасына өткөрүү жөнүндөгү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак-Кызыл-Сенир айылдарынын аралыгындагы узундугу 1,3 км болгон ички жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансасына өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, тийиштүү жогорку органдарга кайрылып, токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |