Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 26- сессиясы
2016-жылдын 12-ноябры № 1
АРИС прогораммсы боюнча сунушалган долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-ноябрындагы АРИС программасы боюнча тандалган долбоорлор жөнүндөгү сунуш катын негиздеп, аталган программа боюнча 19 айылдан сунушталган жалпысы 28 долбоорду караган комиссиянын жыйынтыгы жөнүндө соцкоргоо боюнча башкы адис А.Сулаймановдун маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы боюнча тандалган долбоорлорду караган комиссиянын жыйынтыгы менен:
1-орунга ээ болгон Мундуз айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу долбоору;
2-орунга ээ болгон Жаны-Ачы айылындагы З.Жамашев атындагы орто мектептин спорт залын аягына чейин бүтүрүү долбооруу колдоого алынсын.
2. Колдоого алынган долбоорлорду АРИС программасына сунуштоо соцкоргоо боюнча башкы адис А.Сулаймановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |