Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 26- сессиясы
2016-жылдын 12-ноябры № 2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин карамагыдагы Базар-Коргон району пайдаланып келген жайытты пайдаланууга жараксыз деп табуу жөнүндө
Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө үлүштөргө каттоо башкармасы тарабынан берилген 6-октябрь 2016-жыл №110 катына негиз Базар-Коргон району пайдаланып келген “Күрөбөс” жайлоосундагы 2300 (Эки миң үчжүз) га жайытты ошондой эле ушул убакта жараксыз абалга келген 1515 (Бир миң беш жүз) га жайыт жер жайыттарды тактоо комиссиясынын чечимине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул убакытка чейин Базар-Коргон району пайдаланып келген “Күрөбөс” жайлоосундагы 2300 (Эки миң үч жүз) га жайыт жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомуна негиз 2025-жылга чейин Кызыл-Туу жайыт комитетинин эсебинен чыгарылсын.
2. Көк-Арт жайлоосундагы 302 га жайыт жер 42º тон жогору тигин жер, 151 га зоо-ашуу, Кызыл-Суу жайлоосунда 42º тон жогору тигин жер, 122 га зоо-ашуу, Кашка-Суу жайлоосунда 224 га 42º тон жогору тигин жер, 187 га зоо-ашуу жер, Кедей-Таппас 35 га көчкү түшкөн, аң болгон жерлер, Ышкырты жайытындагы бадалдуу, көчкү жүргөн саздуу жер, Кызыл-Алма участкасындагы 28 га бадалдуу тигин жер бардыгы 1515 га жайыт жер пайдаланууга жараксыз деп эсептелсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн Базар-Коргон району пайдаланып келген “2300 (Эки миң үчжүз) га жайыт жер жана пайдаланууга жараксыз 1515 га жайыт жер жалпысы 3815 (Үч миң сегиз жүз он беш) га жайытты жер салыгынан бошотуп берүү жагы Сузак райондук салык башкармалыгынан суралсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |