Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 26- сессиясы
2016-жылдын 12-ноябры № 3
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарга айыл аймагынан түшкөн сунуштарды укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетинин маалымдоосунда угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана билим берүүгө зор салым кошкон Мундуз айылындагы Б.Калымбетов атындагы орто мектептин тарых сабагынын мугалими Нышанова Айнагул Шадыкановнага “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |