КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 23-ноябры № 1
Кышка карата абал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, айылдык кеңештин иш планын негиздеп, айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, ФАПтардын жана балдар бакчалардын кышка карата абалын жеринде көрүп жйынтыктаган социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, ФАПтардын, балдар бакчаларынын кышка карата абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айрым кемчиликтерди толуктоо жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |