Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 23-ноябры № 2
Айыл өкмөттүн бюджетинин 2016-жыл 9 айлыгынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамын негиздеп, айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын 2016-жыл үчүн бекиттилген бюджетинин 9 айлык аткарылышы жөнүндө баяндамасын угуп, талкулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн бекитилген бюджетинин 9 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2016-жыл үчүн бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн толук аткарып мыйзамдуу сарпттоо жагы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага жана жергиликтүү салыктарды көрсөткүчтөр боюнча планын аткаруу жагы салык боюнча башкы адис Н.Ашимовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |