Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 23-ноябры № 3
Жаңы-Ачы айылындагы суу жеп кеткен үлүш жерлер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун жана айыл өкмөттүн катын негиздеп, 36 үй-бүлөнүн 11 га сугат үлүш жерин данба жоктугуна байланыштуу Көк-Арт дарыясынын суусу жеп кеткен11 га сугат үлүш жерин жер салыгынан социалдык төлөмдөн бошотуп берүү жөнүндөгү элдин кайрылуусун баядаган Жаңы-Ачы айылынын айыл башчысы К.Раимкуловдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылына караштуу Жаңы-Ачы айылынын тургундарынын 11 га сугат жер үлүшүн суу жеп кеткендигине байланыштуу жер салыгынан, социалдык төлөмдү төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.
2. Токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик адмиңистрациясынан , Сузак райондук салык башкармалыгынан жана Сузак райондук социалдык фонд башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде тиешелүү органдарга кайрылып аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл аймагынын салык бөлүмүнүн башчысы Н.Ашимовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |