Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 23-ноябры № 4
Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүн , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жыл 29.06. № 1997-III токтому менен бекитилген мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарачы шарттары жана тартиби жөнундөгү типтүү жобону айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановдун сунуш катын негиздеп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагындагы мамлекеттик фондун жерлери ижарага мыйзам чегинде берилсин.
2. Баштапкы ижара акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
Орто-Азия айылында 1 га сугат жер 3500 сом
Бостон айылында 1 га сугат жер 3500 сом
Таштак айылында 1 га сугат жер 3500 сом
Кызыл-Сеңир айылында 1га сугат жер 4500 сом
Ак-Баш айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом
Жаңы-Ачы айылында 1 га сугат жер 3000-4500 сом
Жалпы аянттары 1 га сугат жер 500-600 сом
Кайракы жерлер 1 га жер 600 сом
Чөп орок жерлер 1 га жер 500 сом
Бак эгилген жер 1 га жер 3500 сом
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин, мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмот башчысы А.Асановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |