Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 23-ноябры № 5
Ы.Чанаков атындагы орто мектебине мамлекеттик фондунун сугат айдоо жеринен ижарага 1 га жерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жыл 29-июнундагы №199-III токтому менен бекитилген Мамлекеттик фондунун айыл чарба багытындагы жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун 4-1бөлүмүндөгү 73 пунктун негиздеп жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын Ы.Чанаков атындагы орто мектебинен түшкөн арыз боюнча баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ы.Чанаков атындагы орто мектебине ижарага берилген 1 га сугат айдоо айыл чарба багытындагы жердин ижара акысы жер салыгынын 1 жылдык өлчөмүндө белгиленсин, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпасын. Жер максаттуу багыты боюнча иштетилсин.
2. Социалдык жана суу төлөмдөрү тиешелүү органдарга өз учурунда ижарачы тарабынан төлөнсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановго жана Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин директору А.Исаковга милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |