Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 14
Кыштут айыл аймагынын ЖП бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жана ЖПБнин төрагасын бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын ЖП бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жана ЖПБнин төрагасын бекитүү жөнүндө ЖПБнин төрагасы А.Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагынын ЖП бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин жана ЖПБнин төрагалыгына А.Жусубалиев бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров |