Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 7
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2017- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 3737,9 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 3737,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин 2017-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин 2017-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык булактардан турары белгиленип бекитилсин.
4. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2017-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.
5 Кара-Суу айылдык аймактык Кеңештин 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. 2017- жылга карата айылдык аймагынын «Жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жөнүндө» буйругун аткаруу боюнча №5 тиркеме түзүлсүн.
7. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңештин 2017- жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору №6 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
8. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык Кеңешинин « Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.Элге кызмат көрсөтүүдөн чекене товар жүгүртүдөн алуунучу салык (Кыргыз Республикасы салык кодексинин 195 статьясынын негизинде)
-салык төлөөчүүлөр болуп элге кызмат көрсөткөн жана чекене товар жүгүркөн юридикалык жана физикалык жактар эсептелет.
-магазиндер жана киоскаларда иш алып барган ишмерлер үчүн айына чекене товар жүгүртүүнүн суммасын хранометраж аркылуу аныкталсын.
2. Транспорт ээлерине алуунучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар салык төлөө болуп эсептелинет.Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү КР нын салык кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.
10. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейреккежылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |