Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 6
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан почта байланыш бөлүмүн баланска өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан почта байланыш бөлүмүн “Кыргыз почтасы” мамлекетик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймакттык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан почта байланыш бөлүмү, айыл өкмөтүнүн балансында тургандыгына байланыштуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына баланстан балансына өткөрүлүп берилбейт.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |