Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 2-сессиясы
2017-жылдын 19-январы № 3
Ири долбоорду АРИСтин конкурстук комиссиясына сунуштоо
АИД-3 долбоорунун Кара-Суу айылдык аймагынын конкурстук комиссиясынын сунуштарын карап чыгып, Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагынын 2016-2021-жылдардагы стратегиялык жана инвестициялык планына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ири долбоорго Кара-Суу айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерин бүткөрүү.
3. Ири долбоорду карап чыгуу АРИСтин конкурстук комиссиясына сунушталсын.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |