Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 4
2017-жылга Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин иш планын түзүү жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин иш планын түзүү жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча отурумдарды өткөрүп ,иш планды талкуулап түзүү жөнүндө депутаттардын сунуш –пикирлерин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин иш планын түзүү жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча отурумдарды өткөрүп ,иш планды талкуулап түзүү жагы ар бир туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын отурумунда каралып талкууланбаган жана туруктуу комиссиянын отурумунун протоколу жазылбаган маселелер айылдык Кеңештин сессиясына каралбай тургандыгы ар бир туруктуу комиссиянын курамына эскертилсин.
3. Шайлоочулардын үнүн угуп ,муктаждыктарын аныктап,өз учурунда иш алып баруу, иштөө тартибин түзүп кабинеттик системада иш алып баруу ар бир депутатка милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |