Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 6
Кеңештин карамагына тиешелүү болгон маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кеңештин негизги структуралык органдары болгон Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын (төрайымдарын) бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын (төрайымдарын)бекитүү жөнүндө ар бир туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнүн отурумунун негизинде төмөнкү депутаттар төрага(төрайым) болуп бекитилсин:
1)Пландоо ,бюджет жана экономика ,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Турсункулова Акынкыз.
2)Айыл чарба ,жер жана агрардык саясат ,экология,айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Чороев Бакыт.
3)Билим берүү жана дин иштери ,саламаттыкты сактоо,маданият маселелери, спорт,туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Чотоева Гульзат
4)Өнөр жай ,курулуш,транспорт,энергетика ,байланыш өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Артыкбеков Айдарбек .
5)Мыйзамдуулук,депутаттардын этикасы, атуулдардын арыз-даттануулары жана кайрылууларын кароо боюнча комиссиясы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Жумалиева Анаржан.
2. Жогорудагы бекитилген туруктуу комиссиялардын ар бирине Кеңештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткаруу,жергиликтүү кеңештин сессиясынын алдында жоопкерчилик алып жүрө тургандыгы жана отчетторун белгиленген мөөнөттө берүү иштери милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |