Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы № 8
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш пландын долбоору ар бир депутатка таркатылып берилип , талкууланып,сунуш-пикирлери менен толукталып бекитүү жөнүндө.Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү боюнча ар бир депутатка берилген иш пландын долбоору талкууланып,сунуш-пикирлери менен толукталып айылдык кеңештин кийинки сессиясына бекитүүгө сунуштоо иштери ар бир депутатка милдеттендирилсин.
2. Туруктуу комиссиялардын иш пландары туруктуу комиссиялардын отурумдарында талкууланып, кеңештин сессиясына бекитүүгө даярдоо туруктуу комиссиялардын төрагаларына(торайымдарына) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |